Жаш түркологдордун 1-симпозиуму: Түрк тилдериндеги тил жана адабият маселелери
Book information
Description
Бишкек: Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин басылмалары: 147 Конференциялар тизмеси: 18, 2011. — 176 б.Жаш түркологдордун 1-симпозиуму Түрк тилдериндеги тил жана адабият маселелери деген темада өткөн эле. Бул симпозиумга академик Бүбүйна Орузбаева катышкан жана жаш түркологдор бул белгилүү илимпоз менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бирок, симпозиум биринчи жолу уюштурулгандыгына байланыштуу, бул жолкусунда Кыргызстандагы эле жаш түркологдордун катышуусуна шарт түзүлгөн жана бул симпозиумга өзүбүздүн университеттен тышкары Бишкек Гуманитардык университети, Ош мамлекеттик университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Улуттук илимдер академиясы сыяктуу Кыргызстандын илимий мекеме жана жогорку окуу жайларынан жалпысынан кыркка жакын жаш түрколог илимий билдирүү менен катышып, бири-бири менен таанышып, изилдөө жүргүзгөн темаларынын алкагында дискуссияларды өткөзүп, келечекте проект түзүү жана орток изилдөөлөрдү жүргүзүү багытында пикир алышышкан.
Similar books
Түркі тілдері: Ұжымдық монография
Тюркологические этюды
On Some Specific Non-Finite Forms of the Verbs in the Turkic Languages
Imperative sentences in Turkic languages
Şecere-i Terākime (Türkmenlerin soykütüğü)
Pontica: Тюркологічні студії
Etymologisches Wörterbuch der Turko-Tatarischen Sprachen